Кабыл алуу эрежелери

Баткен педагогикалык колледжи боюнча 2023-2024-окуу жылына карата кабыл алуунун
эрежелери


Бул эреже Кыргыз республикасынын Билим берүү жөнүндө мыйзамына жана Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралы № 53 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдары жөнүндө жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлунун №470 токтом бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмуна студенттерди кабыл алуу Жобосунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы №160 токтомунун жана Кыргыз
Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин №431/1 буйругунун
негизинде иштелип чыкты.

Жалпы жоболор


1.1. Баткен педагогикалык колледжине Кыргыз Республикасынын жарандары, чет олкелерде
жашаган кыргыз улутундагы жарандар, негизги орто жана жалпы орто билими бар.
Кыргыз Республикасында жашаган чет өлкелук, жарандыгы жок орто жана жалпы орто
билими бар жактар кабыл алынат.
1.2. Чет мамлекеттин жарандары Кыргыз Республикасыныл окмоту түзгөн эл аралык жана
колледж менен жеке жарандар арасында тузулгон келишимдердин негизинде окутулат
жана макулдашуулар жогорку аталган жактар тарабынан белгиленген жарандык
укуктардын сакталышын камсыз кылат.
1.3. Абитуриент Баткен педагогикалык колледжинин жобосу, билим берүү ишкерлиги
боюнча лицензиялары, колледждин кабыл алуу эрежелери, кируу сынактардын
программалары жана кабыл алуу менен байланышкан маалыматтар менен таанышууга
укуктуу. Кабыл алуу комиссиясы абитуриентти келишимдин негизинде (акы толоо)
окутуунун кундузгу жана сырттан окутуу туруне кабыл алууда толомдун елчему, толоо
мооноту, тартиби, толоону женилдиктери жана эки тараптын милдеттери, укуктары
менен таанышууга милдеттүү.
1.4. Кабыл алуу конкурстук негизинде жургузулет. Конкурска жарандардын жондомдуулугу
жана-кесиптик орто билимди ездоштурууга даярдыктары эске алынат.
1.5. Адистиктер боюнча келишимдин негизинде окутууга кабыл алуунун тартиби жана кабыл
алуунун планы колледждин башкармалыгы менен макулдашылат.
1.6. Баткен педагогикалык колледжине кабыл алуу жарандардын өз арызы менен конкурстук
негизде, жалпы негизги билими тууралуу куболугунун, жалпы орто билими тууралуу

аттестатынын орточо баллынын, кесипке тиешелуу болгон профилдик сабагынын
баасынын жана бирдей баллы бар студенттер үчүн өткөрүлүүчү кирүү сынактарынын
жыйынтыгына карата жүргүзүлөт. Конкурсту өткөрүү тартиби орто кесиптик билим
берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүгү
бар айырмаланган окуучуларды кабыл алууну аныктайт.

Кабыл алууну уюштуруу


2.1. Баткен педагогикалык колледжине абитуриенттерди кабыл алуу үчүн колледждин
директорунун буйругу менен кабыл алуу комиссиясы түзүлөт, анын төрайымы болуп
колледждин директору саналат. Кабыл алуу комиссиясынын ишинин ачыктыгын жана
айкындуулугун төрайым көзөмөлдөйт.
2.2.Документтерди кабыл алуу күндүзгү окуу бөлүмүнө 2023-жылдын 10-июлунан 06-
сентябрына чейин, сырттан окуу бөлүмүнө 2023-жылдын 10-июлунан об-сентябрына
чейин жүргүзүлөт.
2.3. Кабыл алуу комиссиясынын төрайымы кабыл алуунун планынын аткарылышына,
лицензияда көрсөтүлгөн контингенттин чегинин сакталышына, ошондой эле кабыл алууга
тиешелүү мыйзамдуу актыларды жана нормативдик иш кагаздарлы талаптарды
аткарууга жооптуу, кабыл алуу жана аппеляциялык комиссиялардын милдеттерин,
алардын иштөө тартибин, жарандардын кабыл алуу графигин аныктайт.
2.4. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы кабыл алуу комиссиясынын ишин
уюштурууга жана кабыл алуу боюнча белгиленген иш-чараларды аткарууга милдеттүү.
2.5. Баткен педагогикалык колледжине кабыл алуу абитуриенттин директордун атына
жазылган өз арызы боюнча жүргүзүлөт.
2.6. Баткен педагогикалык колледжине абитуриент тарабынан кабыл алуу боюнча арызы
электрондук түрде, документтердин түп нускасын тапшыраары эскертилип, берилет.
Салттуу түрдө документтерин тапшырууда абитуриент жана аны коштоп жүргөндөр
COVID-19 жайылышын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмине ылайык иш
жүргүзүшү зарыл. Арыз менен кошо абитуриент өзүнүн ким экендигин жана анын
жарандыгын күбөлөндүргөн документти, жалпы орто билими, орто билими жана жогорку
кесиптик билими бар экендиги жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документти, № 086/у
медициналык маалым катты, керектүү сандагы 3х4 өлчөмдөгү сүрөтү жана эгерде акы
төлөө үчүн женилдикке талапкер болсо (ата-энесинин өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк,
майыптыгы жөнүндө ВТЭКтен маалымкат ж.б.у.с) документтерди тапшырат. 2.7. Окутуунун ар түрдүү формаларына жана келишимдин (акы төлөө) негизинде окууга
тушкон арызы өз-өзүнчө болок катталат.
2.8. Кабыл алууну уюштуруу боюнча маалыматтар, кируу сынактарынын графиги,
сынактардын жыйынтыгы абитуриенттерге өз учурунда билдирилет.

КИРУУ сынактары


3.1. Баткен педагогикалык колледжине кируунун негизги чен-өлчөмү абитуриенттердин билим
денгээлдери жана жондомлуулуктөрү болуп эсептелет. Аларды аныктоо учун кируу3.1.
сынактары бланкалык тестирлоо жана ангемелешүү турунде откорулет.
3.2.Сынак откөрүүнүн мөөнөтү:
кундузгу окуу болумуно 2023-жылдын 10-июлунан об-сентябрына чейин.
сырттан окуу бөлүмүнө 2023-жылдын 10-июлунан 06-сентябрына чейин.
3.3. Абитуриентке кирүү сынактарын мамлекеттик же расмий тилдерде тапшыруу укугу
берилет.
3.4. Кирүү сынактары 3 профилдик предмет боюнча жургузулот (бирөөсү мамлекеттик же официалдуу тили боюнча).
3.5. Кирүү сынактары жалпы билим берүүнү негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү
программаларына ылайык программалар боюнча өткөрүлөт.
3.6. Кирүү сынактарына себепсиз келбей калган, «канаатандырарлык эмес» баа алган
абитуриенттер кирүү конкурсунан четтетилет.
3.7. Бирдиктүү талаптарды сактоону жана тексттик тапшырмалар боюнча сыноолордун талаш
маселелерин кароо учун, абитуриенттердин укуктарын коргоо максатында аппеляциялык
комиссия түзүлөт.
3.8. Аппеляция жөнүндөгү абитуриенттердин арыздары кирүү сынактарынын
жыйынтыгы боюнча баллдар жарыялангандан кийин үч сутканын ичинде берилет алар
арыз ээсинин катышуусунда каралат.
3.9. Аппеляциянын кароосу кайра сыноого жатпайт. Аппеляцияны кароонун жүрүшүндө кирүү
I сынактын жыйынтык баллдарынын туура же туура эместиги гана текшерилет.
3.10. Баткен педагогикалык колледжинин сертификатынын ээлери кирүү сынактарынан
бошотулат.
3.11. Кирүү сынагын кайра тапшырууга болбойт.

Окуу жайга кабыл алуу


4.1. Баткен педагогикалык колледжи абитуриенттерин студенттердин катарына кабыл алуу
2023-жылдын 06-сенябрына чейин күндүзгү бөлүмүнө, сырттан окуу бөлүмүнө 2023-жылдын 06-сентябрына чейин жүргүзүлөт.
4.2. Конкурстан тышкары окутуунун контракттык формасына жетишээрлик балл алган төмөнкү абитуриенттер кабыл алынат:
-КР Өкмөтү киргизген женилдиктерге укугу бар запаска чыккан аскер
кыматкерлери;
-тоголок жетимдер, бирөөнүн карамагында калган балдар;
тандаган адистикке зыяны тийбеген ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;

  • тандаган адистиги боюнча Эл аралык жана республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү.
    4.3. Себепсиз кирүү сынагына келбей калган жана канаатандырарлык эмес баа алган
    абитуриенттер конкурска катышпайт жана студенттердин катарына кабыл алынбайт.
    4.4. Мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндөгү аттестатынын, күбөлүгүнүн түп нускасы же
    анын дубликаты болсо гана колледждин студенттеринин катарына кабыл алынат.
    4.5. Колледждин кабыл алуунун жыйынтыктоо маалыматын КР Билим берүү жана илим
    министирлигине 2023-жылдын 15-сентябрына чейин тапшырат.
    4.6.Колледж статистикалык отчетту 2023-жылдын 1-октябрына чейин КР Билим берүү жана
    илим министирлигине тапшырат.
    4.7.Колледждин кабыл алуу комиссиясынын ишин көзөмөлдөө КР Билим жана илим министрлиги тарабынын жүргүзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *