Баткен педагогикалык колледжинин тарыхы

Баткен педагогикалык  колледжине  7 жыл.  Баткен педагогикалык колледжинин  түзүлүшү жана өнүгүү тарыхы. 

                  Баткен чөлкөмүнүн борбордон 1000 км алыстыкта жайгашуусу, жана бул аймактагы инфраструктуранын, социалдык тармактын жакшы өнүкпөй калышы жогорку денгээлдеги билим берүү очогун түзүү зарылчылыгын пайда кылган. Аталган көйгөйлөрдү чечүү максатында 2016-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук  актыларынын негизинде Баткен аймактык колледжи болуп түзүлгөн.  Колледждин  күн санап калыптанып, билим берүү тармагында кадрларды даярдоо жүгүн аркалап келет. Окуу жай ачылгандан бери бүтүрүүчүлөрдү  уядан чыгарууга жана алар өлкөбүздүн агартуу майданында, өндүрүштүн түрдүү тармактарында, экономикада эмгектенип, элге кызмат көрсөтөт деген  ишенимдебиз.

Биздин көрүнүктүү бүтүрүүчүлөр

Азыркы учурда Баткен педагогикалык колледжи  күндүзгү жана сырттан окутуу формаларынын негизинде  кадрларды даярдайт.

  1. 050709.Башталгыч класстарда  окутуу адистиги;
  2. 0500704.Мектепке чейинки билим берүү адистиги;
  3.  050711.Социалдык педагогика адистиги;
  4. 050720.Которуу жана котормочу;
  5. 230109. Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо.
  6. 050303.Чет тили. (Англис тили).
  7. 050721. Дене тарбия

Профессордук окутуучулар курамы

   Колледждин  билим берүү жана илимий изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жогорку илимий педагогикалык денгээлге ээ.  Бүгүнкү күндө эмгектенген окутуучулар жамаатынын жалпы саны  36  болсо, алардын ичинен бирөө филология  илимдеринин  кандидаты; төртөө билим берүүнүн мыктылары.

Колледждин материалдык-техникалык базасы

Колледждин  материалдык-техникалык базасы кадрларды үзгүлтүксүз даярдоого толук жооп берет.

Бүгүнкү күндө Баткен педагогикалык колледжинде  лекция окуу үчүн заманбап окуу лабороториялык, компьютердик кааналар түзүлгөн, жана практикалык сабактарды өткөрүүгө баардык материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздалып, интерактивдүү досканы колдонуу аркылуу өтүлөт.

Китепкана баардык адистиктер үчүн китептер менен толукталып жатат жана  окутуу талаптарына толук жооп берет.

Студенттерди сергек жашоого үндөө жана дене тарбия сабактарын өткөрүү үчүн футбол аянтчасы, волейбол аянтчасы бар.

Колледждин  базасында  таланттуу студенттердин өнөрүн өркүндөтүү жана кошумча билим берүү, кесипке үйрөтүү максатында атайын ийримдер жана курстар уюштурулган.

Бий ийриминде студенттер улуттук жана чет элдик бийлерди, комузду үйрөтүү,  спорттук ийримдерден болсо шахмат,  футбол, волейбол ж.б. түрлөрүнө катыша алышат.  Ал эми кошумча билим берүү жана кесипке үйрөтүү кыска убакытта окутуу курстары боюнча:   англис тили; түрк тили; корей тили;  кытай тили; араб тили; орус тили;  электрдик ширетүүчү; ширетүүчү;  жана кыздар үчун тигүүчүлүктү үйрөтүлөт.                                                                                                                  Студенттик кенеш жана студенттердин ийгиликтери                                     Студенттик кенеш жана анын төрөгасы студенттер ортосундагы ачык шайлоонун негизинде дайындалат. Кенеш  областтык, шаардык жана колледждин  тарабынан уюштурулган маданий, спорттук ж.б. иш-чараларга өз жардамын берип келүүдө.                                                                                         Студенттер республикалык, областтык, шаардык фестивалдарга, конкурстарга, спартакиадаларга катышышып, алдыңкы орундарды ээлешүүдө.

Эл аралык байланыштар жана маалыматтык тейлөө

Баткен аймактык колледжи  областыбыздагы орто квалификациялуу адистерди  даярдоо, билим берүүнү өркүндөтүү жана илим изилдөө иштерин жүргүзүү багытында Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын алдыңкы ЖОЖдорундагы илимий жана өндүрүштүк уюмдар менен байланыштарды чыңдап, тажрыйба алмашууларды үзгүлтүксүз жүргүзүп, кызматташууну кеңири улантууда.

 

Колледждин областыбыздагы орто квалификациялуу адистерди даярдоодо жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердеги ЖОЖдордун илимий жана өндүрүштүк уюмдары менен кызматташууну кеңири улантууда.

Бүгүнкү тандооң эртенки келечегин демекчи, өлкөбүздөгү жаштардын өз келечеги үчүн таштап жаткан кадамдары байсалдуу болсун.  Билим алууну каалаган жаштар үчүн Баткен педагогикалык колледжинин  эшиги ар дайым ачык жана биз сиздерди күтөбүз