АРАЛЫКТАН ОКУТУУ

Баткен педагогикалык колледжинде “Аралыктан окутуу” боюнча билим  берүү  топторуну  уюштуруу жөнүндөгү жобо.

 Жалпы жоболор

1.1.   Аралыктан билим берүү технологиялары түшүнүгү билим берүүнүн технологиясы катары түшүнүлөт. Аралыктан билим берүү технологиялары негизинен педагогикалык кызматкердин жана  окутулуп жаткан  студенттин арасындагы  мамилелери учурунда маалыматтык жана телекоммуникац-иялык технологияларды  негизинен  колдонуу менен  ишке  ашырылат.

1.2.  Аралыктан билим берүү технологияларын колдонуунун  максаты  окуучуларга, студенттерге  түздөн-түз  жашаган жеринде  анын  убактылуу турган  жайында  билим берүүнүн  программаларын  өздөштүрүүсүнө  ар тараптан  шарт  түзүү болуп  эсептелинет.

1.3.  БПКнин аралыктан  билим  берүүнүн “Кесиптик билим  берүү “ билим  программаларын  жумшайт:

1.4.  КРнын бардык  мыйзамдарында  көрсөтүлгөн студенттердин  билимди  алуусунун бардык  формаларында  же анын  айкалышында,  окуу, лабораториялык  жана  практикалык, сабактардын,  практикалардын, учурдагы көзөмөл,  арадагы  аттестацияларда  аралыктан билим берүү технологиялары БПКде кеңири колдонулат.

1.5.  БПКде аралыктан   окутуунун  технологиясы  (Интернет  технологиясы)  колдонулат.  Студенттердин өзалдынча  иштеринен керектүү  бардык  окуу материалдары  электрондук  же басма түрдө  студенттерге жанабашка  категориядагы окутулуп  жаткандарга  даярдалышы жана  берилиши  керек.

1.6. Окутуунун педагогикалык  кызматкерлер  менен  өз  ара уюштуруучулук  жана  усулдук аракет  информациялык  жана телекоммуникациялык технологияларды  колдонуу  менен иш  жүзүнө  ашырылышы мүмкүн.

1.7.  Ички документтердин  айланмасыжана  билим  берүү процессинин  жыйынтыгынын  эсептөө, “Билим берүүдө аралыктан окутуунун технологияларын”  билим  берүү программаларында  колдонуу  электрондук – цифра  формасында ишке  ашат.

1.8.  Жазма түрүндө  студенттин  жеке документтериндеги (жыйынтыктоочу)  мамлекеттик,  орто аралык    аттестациялар  жөнүндөгү маалыматтар  сакталышы  керек жана  зарыл.

1.9.  Сабактын окуу  жаатында  уюштуруунун негизги  түрлөрү  болуп төмөнкүлөр  эсептелинет:

  • Ар  түрдүү  педагогикалык технологияларды  колдонуу  менен  өткөрүлүүчү  лекциялар; (салтык,  аудиториялык  лекциялар, компьютердин  жетечилиги  алдында аудиториядагы  электрондук  окуу курс  иштери,  уюлдук компьютердик  класста  on – lain, off — lain) ,  б. а. теле жана видео-лекциялар, презентация-лекциялардын,  өз алдынча  видео  лекцияларды, презентация-лекцияларын  өздөштүрүү;
  • Электрондук почталарды  колдонуу  менен окуу  тайпаларынын   конференциялары,  электрондук почталарды  колдонууда,  телеконференцияларды  (чат, форум), курстун  темаларын өздөштүрүүдө студенттин  бейформалдуу баарлашуусу;
  • Кесиптик тренингдер, ошонун  ичинде телекоммуникациялык технологияларды колдонуу менен бирге баарлашуусу.
  • Консультациялар:  жеке, эреже  катарында, телекоммуникациялык  жана группалык  каражаттарды   (Google classrum тиркемесини, Электрондук почтаны,  ватсапты, Zoomды)  колдонуу;
  • Ар кандай  аткарылыштагы  кошумча жана  негизги  окуу-усулдук материалдардын окулуусун студенттердин (угуучулардын)  өз  алдынча иштөөсүнө  кошулушу;
  • Жеке  көзөмөл,  эсептик –практикалык жана тесттин жана башка тапшырмалардын аткарылышы, курстук  проектилердин  аткарылышы, курстук  иштердин  эссе жана  тематикалык  рефераттардын жазылышы;  окуу – усулдук материалдар жана интерактивдүү окуу куралдары, ошону менен бирге  сетевой  же автономиялык  мультимедиялык  электрондук китептер  жана  практикумдар;
  • Керектүү тандап алган кесиптери боюнча  студенттердин  билимдерин бышыктоочу жана  алардын практикалык  ыкмаларын  кабыл алууну  камсыз  кылуучу окуу  жана  өндүрүш практикалары; отчетторду  түзүү  жана аларды  коргоо:

1.10.  Мамлекеттик  жана сессиялык  экзамендерди  тапшыруу студенттер  үчүн  БПКге келгенде  катышуу  түрүндө жүргүзүлөт, (Мамлекеттеги өзгөчө кырдалга байланыштуу Аралыктан мамлекеттик сынактарды тапшырууга мүмкүн. КРсынын Билим берүү жана илим министирлигинин буйругунун негизинде).

1.11.  Окутуунун учурдагы курсунун окуу программасын  ийгиликтүү  аяктаганда студенттер  эмки  жогорку курска  которулат. Аларга  бекитилген  үлгүдөгү аныктама  жана  которулуу жөнүндө  билдирүү  жөнөтүлөт.

  1. Окутуучунун мидеттери.

2.1. Окутуучулар тарабынан окуу планындагы ар бир  дисциплинаны  окуу –усулдук жактан камсыздоодо сөзсүз түрдөгү жана кошумча комплекстерди киргизилиши  зарыл.

2.2.  Сөзсүз түрдө  жалпы  лекциялык  материалдардын комплексинен турат (окуу курал жарагынан, окуу  планына  жараша текшерүү  тапшырмаларынан,  практикалык   жана курстук  иштерден  турат).

2.3. Окуу –усулдук колдонмо керектүү түшүндүрмөлөрдү жана бардык категориядагы тапшырмаларды аткаруу  үчүн  аткаруунун үлгүлөрүн,  ушул  тапшырмалардын  варианттарын, аларды  аткаруунун  үлгүлөрүн жана  эрежелерин  камтуусу керек.

2.4.  Окутуучулар ар бир өтүлүүчү сабакты расписаниянын негизинде өз убактында өтүүгө тийиш.

2.5. Студенттердин сабакка катышуусун көзөмөлдөө жана сабакка катышкан студенттер туурасында секция башчысыны ар бир жумада электрондук вариантта отчет берип турулат.

2.6. Сабакты туура уюштуруу максатында жана студенттерди сабакка катышуусун ыңайлаштыруу максатында Google classrum Googl браузериндеги тиркеме менен, ушул тиркемеге жүктөлгөн сабактардын иштелмесин ватсап аркылуу шилтемесин жөнөтуугө жана ZOOM программасынын негизинде видео сабактарды уюштуруу керек.

2.7. Ар бир өтүлгөн сабактын эффективдүүлүгүн байкоо максатында сабактын акырында өтүлгөн тема боюнча кыскача тест же тапшырманын башка турүн берүү керек.

2.8. КРсынын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан колдонулуп жаткан ыкмага кошумча же болбосо жаңы сабак өтүү ыкмасы милдеттендирилсе, тез арада изилдеп келген усулга өтүү.

2.9. Берилген тапшырмаларды аткаруу мөөнөтүн белгилөө зарыл. Белгиленген убактта студенттердин сабактын тапшырмаларын аткаргандыгы бааланат.

2.10. Аралыктан сабак өтүүнү аткарылуусунда ар бир аралыктан сабак өтүүчү БПКнин окутуучусу студенттерге  КРсынын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан бекитилген окуу пландарыны толук аткарууга милдеттүү.

  1. Студенттердин милдеттери.

4.1. Окутуучулар тарабынан киргизилген окуу –усулдук кеңештерге сөзсүз түрдө  жана кошумча кирген комплекстерди окуүйрөнүүсү зарыл.

4.2.  Студенттер ар бир өтүлүүчү сабакты расписаниянын негизинде өз убактында сабака кирүүгө тийиш.

2.5. Студенттердин ар бир сабакта өзүнүн сабакда алаган билими туурасында маалымат берип турулат.

2.6. Сабакка студенттер  Google classrum негизенде почтасына жөнөтүлгөн тапшырмаларды, ватсап аркылуу жөнөтүлгөн тапшырмаларды, ошондой эле   ZOOM программасынын негизинде видео сабактарды өтүлгөн савбактарга  катышуусу керек.

2.7. Ар бир өтүлгөн сабактын эффективдүүлүгүн байкоо максатында сабактын акырында өтүлгөн тема боюнча кыскача тест же тапшырманы  сөзсүз аткаруу керек.

2.8. Студенттер Мамлекетибиздеги өзгөчө кырдалга байланыштуу түшүнө билип, өздөрүнө аралыктан окууга шарт түзүүгө тийиш.

2.9. Бетилген тапшырмаларды аткаруу мөөнөтүн өтүп кетпөөсү керек . Белгиленген убактта өздөрүнүн сабактын тапшырмаларын аткаргандыгы бааланат.

2.10. Аралыктан сабак өтүүнү аткарылуусунда БПКнин студенттери КРсынын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан бекитилген окуу пландарыны толук аткарууга милдеттүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *