Колледждин ишмердүүлүгү

Фейсбук

#кундун_жанылыгы

Борбордук азиядагы психологдордун билимин оркундотуу, жана эл аралык даражадагы психологдор менен тажрыйба алмашуу максатында уюштурулган «Центр Медицина разум и тела» программасынын алкагында Бишкек шаарында өткөрүлгөн 5 кундук Эл аралык семинарга Баткен педагогикалык колледжинин окутуучусу Ибрагимжан уулу Жумабек катышты. Окутууну Америка, Литва, Судан жана ошондой эле Испания мамлекетинен келген Профессор жана жогорку даражадагы практик психологдор жургузду. Бул программанын негизги уюштуруучулары «Центр медицин разум и тела» программасынын негиздөөчүсү жана аткаруучу директору Доктор Джеймс Гордон жана «Борбордук азиядагы «Поиск обших интересов»программасынын аткаруучу директору Кенешбек Сайназаровко тарабынан уюшулуп, психологдорунун билимин оркундотуу жана потенциалын жакшыртуу максатын көздөйт. Окутуунун жыйынтыгында «Программа медицины разум и тела» семинарын ийгиликтүү аяктагандыгы жана колдонууга мумкунчулук алган сертификат тапшырылды.

4-декабрь — “Манас” эпосунун күнү. БПКда 3-декабрда «Педагогика» кафедрасы “Манас” эпосунун күнүнө карата «Манас эпосу-кыргыз рухунун туу чокусу» деген темада семинар өткөрдү.Семинарда Педагогика секциясынын башчысы Рахманали кызы Дарика “Манас” эпосу менен кыргыз адабиятынын карым-катышы”, Кадырбек кызы Албина “Манас” дүйнөсүнүн сырлары” деген темада баяндама жасашты. Семинардын алкагында “Манас” эпосунун күнүнө арналган көргөзмө уюштурулду. Анда 93 “Манас” эпосуна байланышкан томдуктар, китептер, тексттер, монографиялар, окуу программалары коюлду. Саякбай Каралаевдин 5036 беттен турган 4 томдугу, Жусуп Мамайдын 8 томдугу сыяктуу баасы да, баркы да баалуу китептер коюлду.Аталган иш-чара педагогика кафедрасы тарабынан окутуучуларга, студенттерге “Манас” эпосунун күнүн таанытуу, «Манас» эпосун улуттук мурас катары сактоо жана жайылтууга чакыруу, даңазалоо максатында уюштурулду.2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине кирген. Ушундан улам 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь — “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланган.