Жоболор

.  Баткен  педагогикалык колледжинде студенттерди которуу, тикелөө, көчүрүү, окуудан четтетүү жана аларга академиялык өргүү берүү жөнүндө Жобо

  1. Жалпы жоболор
  • Баткен  педагогикалык колледжинда студенттерди көчүрүүнүн, которуунун, тикелөөнүн, окуудан чыгаруунун жана аларга академиялык өргүү берүүнүн тартиби (мындан ары-Тартип) Жогорку кесиптик билим берүүчү мекемелердин ишмердигин жөнгө салуучу КРнын «Билим берүү законуна» ж.б. укуктук нормативдик документтерге ылайык Билим берүү министрлигинин 2004-жылдын 16-апрелиндеги №201/1-буйругунун негизинде иштелди.
  • Бул тартип окутуунун формасынан (күндүзгү, кечки, сырттан), курсунан жана түрлөрүнөн көз карандысыз студенттерди бир жогорку окуу жайдан Кыргыз Республикасынын башка билим берүүчү мекемелерине (КОЖ, атайын орто кесиптик билим ж.б.), билим берүүнүн бир программасынан (багыттан, адистиктен) башкасына, окуу жайдын ичиндеги бир адистиктен экинчи адистикке которуунун процедурасына жалпы талаптарды көрсөтөт.

Тартип мамлекеттик аккредитацияга (аттетацияга) ээ болгон жогорку кесиптик билим берүү мекемелерине таандык.

  • Баткен педпгогикалык колледжине Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринен студенттерди которуудагы негизги талап (шарт) болуп, алардын конкреттүү (тандаган) негизги билим берүү программасын өздөштүрүүгө даярдыгы, мурдагы (алдыдагы) академиялык жетишүүсү жана окуу жайындагы бош (ваканттык) орундардын бардыгы эсептелинет.
  • Студенттин мамлекеттик бюджеттин эсебинен окуган жалпы мөөнөтү кабыл алынып жаткан адистик боюнча Баткен педагогикалык колледжинин окуу планындагы негизги билим берүү программасын өздөштүрүү үчүн көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашпоого тийиш. Айрым граждандарга (I, II-группадагы майыптар, тоголок жетимдер, аскер кызматкерлери ж.б.) өзүнчө эреже каралышы мүмкүн.
  • Жоюлган, кайра уюшулган билим берүү мекемелеринен студенттерди Баткен педагогикалык колледжине которуу КРнын билим берүү министрлиги менен биргеликте бул окуу жай карамагында болгон уюштуруучу (учредитель) тарабынан камсыздалат.
  • Студенттерди 1-курска мамлекеттик бюджеттин эсебинен которууга мүмкүн эмес.
  • Келишимдик негизде окуган студенттер мамлекеттик бюджеттин (гранттын) орундарына которулбайт.
  • Академиялык карызы бар студенттер окутуунун бир курсунан, түрүнөн жана формасынан башкасына которулбайт.
  • Келишимдик негизде, сырттан жана кечки бөлүмдөрдө окуган студенттерди I курстан I курска, башка окуу жайга, башка адистикке которуу, тикелөө иштери жүргүзүлбөйт. Бул процедура жүйөөлүү бир себептери болгондорго тиешелүү эмес, мындай учурда уруксатнаама окуу жайдын жетекчилигинин макулдугу менен берилиши мүмкүн.
  • Бюджеттик, гранттык негизинде окуп жүрүп, окуудан четтетилген студент бюджеттик негизде бош орун болгон учурда гана тикеленет.

II.                           Студенттерди которуунун тартиби

  • Окутуунун курсуна, формасына жана түрүнө карабастан билим алууну улантуу максатында бир негизги билим берүүчү программадан башка программага, ошондой эле бир жогорку окуу жайдан башка билим берүүчү мекемелерге студенттерди которуу жайкы жана кышкы каникул мезгили ичинде студенттин өздүк арызы боюнча атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
  • Которуу боюнча документтер структуралык бөлүмдөргө (институттар, борборлор, колледжтер ж.б.) атайын комиссиянын иши башталганга чейинки 10 күн мурда тапшырылат. Мында, колледжтин ичиндеги которууларда студенттин өздүк арызына окуу структурасы тастыктаган зачеттук китепчеси, ал эми башка КОЖдон белгиленген үлгүдөгү академиялык билдирме тиркелет.
  • Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу которууга керектүү бош (ваканттык) орундардын саны тиешелүү кабыл алуудагы контролдук цифра менен адистиктин тиешелүү курсунда чыныгы (фактылык) окуп жаткан студенттердин санынын айырмасы аркылуу аныкталат.

Бюджеттик орундар министрлик тарабынан бекитилгендиктен, аталган орундарга которууну Баткен аймактык колледжинун жетекчилиги өз жоопкерчилигине албайт. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Билим  жана илим министрлигинин макулдугу боюнча окуу жайынын жетекчисинин уруксаты менен чечилиши мүмкүн. Баткен аймактык колледжи которулуп жаткан студентке төлөмдүк (контракттык) негиздеги бош орунду сунуштай алат.

  • Студентти которуу Баткен аймактык колледжи тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын аттестациялоосунун негизинде жүргүзүлөт. Аттестациялоо зачеттук китепчесинин, академиялык справканын көчүрмөсүн талкуулоо, же белгиленген аңгемелешүүнүн негизинде өткөрүлүшү мүмкүн.

Аттестациялоонун жыйынтыгында, которулуп жаткан адистиктин окуу планындагы айрым айырмачылыктарды жоюу милдети комиссиянын чечими менен студентке  белгиленген тартипте коюлат.

  • Тапшырылган арыздарга караганда которула турган адистиктер жана негизги билим берүү программалары боюнча бош (ваканттык) орундар аз санда болсо, анда аттестациянын жыйынтыктарына ылайык окууну улантууга жөндөмдүү студенттерди тандап алуу конкурстук негизде жүргүзүлөт. Конкурсту өткөрүүнүн шарттары Баткен аймактык колледжи тарабынан белгиленет.
  • Которулууда студент окуп үйрөнгөн гуманитардык жана социалдык-экономикалык дисциплиналар, тандоо курстары жана КОЖ компоненти менен бирге, Баткен аймактык колледжи тарабынан толук эсепке алынат, б.а. мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык келген көлөмдө мурда өтүлгөн бул блоктогу дисциплиналар кошумча аттестациясыз өттү (зачет) деп эсептелинет.

Баткенпедагогикалык колледжидагы ошол эле билим берүү программасына же тектеш адистикке которулуп жаткан студенттин мурда окуп үйрөнгөн математикалык жана табият таануу илимий дисциплиналар блогундагы предметтери, КОЖ компоненти жана тандоо курстары менен кошо толук эсепке алынат.

Студентти Баткен педагогикалык колледжига ошол эле негизги билим берүү программасына (адистикке) же тектеш билим берүү программасына которууда окуу планындагы жалпы кесиптик жана атайын дисциплиналар блогундагы мамлекеттик жана КОЖ компонентине тиешелүү предметтер боюнча айырмачылыктар жоюлууга (ал предметтерден студент экзамен же зачет тапшырат) тийиш.

Тектеш эмес негизги билим берүү программасына студентти которууда кайра тапшырылууга тийиш болгон дисциплиналардын саны, тизмеси, академиялык айырма Баткен аймактык колледжи тарабынан белгиленет.

Факультативдик дисциплиналар студенттин каалоосу боюнча эсепке алынат.

  • Которуу тууралуу маселе оң жагына чечилгенде Баткен аймактык колледжи студентке белгиленген үлгүдөгү билдирме берет (тиркелет). Студент ал билдирмени өзү окуган КОЖга жөнөтөт. Билдирме менен кошо аны котрулгандыгына байланыштуу окуудан чыгарып коюуну жана академиялык справка, өздүк делосундагы билими жөнүндөгү документти берүүнү сураган жазуу жүзүндөгү арызы жөнөтүлөт.

Берилген билдирменин жана студенттин арызынын негизинде студент которулуп жаткан КОЖдун директору, арыз берилгенден 10 күндүк мөөнөт ичинде «__________________КОЖга которулгандыгына байланыштуу окуудан чыгарылды» формулировкасы менен буйрук чыгарат. Студенттин өздүк делосунан колуна, анын окууга кирүүсүнө негиз болгон билими жөнүндөгү документ жана белгиленген үлгүдөгү академиялык справка толтурулуп, берилет.

Студенттин делосунда КОЖ тастыктаган билими жөнүндөгү документ, которулгандыгына байланыштуу окуудан чыгарылгандыгы тууралуу буйруктан көчүрмө жана ошондой эле студент тапшырган зачеттук китепче жана студенттик билет калат.

2.8.  Которулгандыгына байланыштуу Баткен педагогикалык колледжига кирген студент жөнүндө буйрук директор тарабынан студенттин билими жөнүндө документ жана академиялык справка алынгандан кийин чыгарылат (Баткен аймактык колледжи зачеттук китепченин көчүрмөсүн академиялык справкага туура келишин текшерет).

Документтер келгенге чейин БПК директору студентке сабактарга катышып турганга уруксат бере алат.

Кабыл алынгандыгы тууралуу буйрукта:

«______________________________________________окуу жайынан которулгандыгына байланыштуу ______________ адистигинин күндүзгү (сырткы) бөлүмүнүн _____ курсуна өттү» деп жазылат.

Баткен педагогикалык колледжига которулган студентке өздүк дело ачылып, ага студенттин которуу жөнүндөгү арызы, академиялык справкасы, билими тууралуу документи (аттестат), которулуу жолу менен окууга өткөндүгү жөнүндөгү буйруктун көчүрмөсү жана төлөмдөр боюнча түзүлгөн келишимдер тиркелет.

Студентке студенттик билет менен зачеттук китепче берилет.

2.9. Академиялык справкадан эсепке алынган дисциплиналар, курстук иштер (проекттер), практикалар жана ошондой эле  Баткен педагогикалык колледжида окуу планындагы жоюлган айырмачылыктар Баткен аймактык колледжи берген студенттик зачеттук китепчеге жана башка студенттик учеттук документтерине (өздөштүрүү журналы, №14-форма ж.б,) жазылат.

2.10. Баткен педагогикалык колледжида окуп жаткан студентти бир негизги билим берүүчү программадан башка адистикке же багытка которуу иштери окутуунун формасынан көз карандысыз Баткен педагогикалык колледжинун Уставында белгиленген тартипте студенттин жеке арызы жана зачеттук китепчесин көрсөтүүнүн негизинде жүргүзүлөт.

Студенттин бир негизги билим берүү программасынан башка программага которулушу жөнүндө директор төмөнкү тартипте буйрук чыгарат: «______________________» адистигинин күндүзгү (сыртта) окуу бөлүмүнө __________ курстан  ________ курска которулсун.

Буйруктун көчүрмөсү студенттин өздүк делосуна тиркелет.

Студенттин зачеттук китепчеси, студенттик билети сакталат жана ага тийиштүү оңдоолор, түзөтүүлөр киргизилип, жетекчинин колу менен тастыкталган мөөрү басылат, ошондой эле окуу планындагы дисциплиналар боюнча айырмаларды тапшыргандыгы тууралуу белгилер коюлат.

  • Студенттерди курстан курска көчүрүүнүн тартиби
  • Студенттерди курстан курска көчүрүү окуу жылы ичинде бир жолу жайкы каникул мезгилинде, студент I жана кийинки курстарды бүтүргөндөн кийин жүргүзүлөт.
  • Тиешелүү курста окуу планын аткарбаган студент курстан курска көчүрүлбөйт жана окуудан чыгарылат.
  • Студентти окуудан чыгаруу жөнүндө рапорт директордун атына Окуу бөлүмү тарабынан көрсөтүлгөн үлгү боюнча даярдалат (1-тиркеме).
  1. IV. Студенттерди тикелөөнүн тартиби

4.1.   Баткен педагогикалык  колледжиден окуудан мурда чыгарылган студенттерди тикелөө, эреже катары, жайкы жана кышкы каникул мезгилинде жүргүзүлөт.

  • Баткен педагогикалык колледжидан мурда окуудан чыгарылган студентти тикелөө, анын окуудан четтетилген себебинен, эмгек стажынын болушунан, окуудагы үзүлүштүн мөөнөтүнөн көз карандысыз директордун буйругу менен окутуунун бардык формаларында жүргүзүлөт.
  • Билим алуунун жогорураак тепкичинен айдалып кеткендер академиялык карыздарды жоюга кеткен чыгымдарды төлөө шартында окутуунун төмөнүрөөк деңгээлине тикелениши мүмкүн.
  • Баткен педагогикалык колледжи эки апталык мөөнөт ичинде тикелөө жөнүндөгү арызды карап берүүгө, окутулуучу курсту жана башка тикелөөнүн шарттарын аныктоого, же макул эместиктин себебин көрсөтүүгө милдеттүү. Студенттин арызына академиялык справка жана студенттин окуу карточкасынын көчүрмөсү тиркелет.
  • Тикелөөдө Баткен педагогикалык колледжинун директору студентке академиялык карыздарды жана окуу планындагы жана программаларындагы айырмачылыктарды жоюунун мөөнөттөрүн белгилейт.
  1. V. Студенттерди окуудан чыгаруунун тартиби
  • Студент Баткен педагогикалык колледжидан:
  • өз каалосу боюнча;
  • башка окуу жайга которулгандыгына байланыштуу;
  • ВКК справкасынын негизинде ден соолугуна байланыштуу;
  • академиялык карыздары үчүн (которуу сессияларынын жыйынтыгы боюнча).
  • окуу дисциплинасын жана Баткен аймактык колледжинун ички тартип эрежелерин бузгандыгы үчүн;
  • бир семестрде 60 сааттан ашык сабактарды себепсиз үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн чыгарылышы (айдалышы) мүмкүн.

 

 

  1. VI. Которуу, тикелөө жана окуудан четтетүү боюнча колледжтик комиссияларды уюштуруу жана алардын иши жөнүндө
  • Студенттерди которуу, тикелөө жана окуудан четтетүү менен байланышкан иш чараларды уюштуруу үчүн директордун буйругу боюнча ар бир колледжте, структуралык бөлүмдө жана колледждик деңгээлде атайын комиссия түзүлөт.

Комиссиянын курамына тажрыйбалуу окутуучулар, секция башчылар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү (кесиптик кошун, студенттик сенат ж.б.) декан, декандын окуу иштери боюнча орун басары кирет. Комиссиянын төрагалыгына колледжтерде, эреже катары, декан, ал эми колледждик деңгээлде окуу иштери боюнча зам.директор бекитилет.

Комиссиянын курамы жана иштөө мөөнөтү директордун буйругу менен бекитилет.

Колледжтик комиссиянын чечимин колледждик комиссия карайт, бекитет.

Колледждерде, структуралык бөлүмдөрдө 1 ай мурда комиссиянын ишинин жадыбалы, ал эми комиссия иштей турган күнү — комиссияга арыз бергендердин тизмеси илинет.

  • Баткен педагогикалык колледжиге башка КОЖдан которулуп жаткандар комиссияга төмөнкү документтерди тапшырышат:
  • студенттин арызы;
  • которууга эки окуу жайдын тең макулдугу;
  • белгиленген үлгүдөгү академиялык справка же зачеттук китепче.

Студентти тикелөөдө комиссияга төмөнкү документтер тапшырылат:

  • директордун наамына жазылган арыз (вакансиялардын бардыгы жөнүндө виза менен);
  • окуудан чыгарылгандыгы тууралуу буйруктун копиясы;
  • зачеттук китепче же академиялык справка.

Студентти окуудан чыгарууда комиссияга төмөнкүдөй маалыматтар берилүүгө тийиш:

  • зачеттук экзамендик сессиянын материалдары (эгерде студент окуу планын аткарбаса, б.а. жетишпегендиги үчүн четтетилсе);
  • студенттик тайпанын талкуулаган чогулушунун токтому (эгерде студент эмгек тартибин бузгандыгы үчүн четтетилсе);
  • укук коргоо органдарынын материалдары;
  • үй бүлөлүк абалы тууралуу билдирме;
  • студенттин түшүнүк каты, арызы ж.б.;
  • декандын студентти окуудан четтетүү жөнүндө рапорту.
    • Ар бир арыз боюнча комиссия талкуунун токтомун түзөт жана тиешелүү чечим кабыл алат. Комиссиянын чечиминин негизинде колледжтин деканы директордун буйрук чыгарышына документтерди даярдайт.

Студентти которуу жана тикелөө жөнүндө маселенин оң жагына чечилишинде Окуу бөлүмү:

  • окуу пландарындагы айырмачылыктарды аныктап берүүгө;
  • отчеттулуктагы (экзамен, зачет) айырмачылыктарды аныктап берүүгө;
  • айырмачылыктарды же академиялык карыздарды жоюунун тартибин жана мөөнөттөрүн аныктап берүүгө;
  • студент окуй турган окуу тайпасын аныктап берүүгө;
  • студентти сабактарга кийрүү (тикелөө) жөнүндө буйрук чыгарууга милдеттүү.
    • Академиялык билдирмеге (справка) директор же окуу иштери боюнча зам.директор жана катчы кол коет, КОЖдун гербдүү мөөрү басылат.

Академиялык билдирмелердин бланктары окуу жайда кара туш менен колдо жазылат. Академиялык билдирмеге үйрөнүлгөн (окулган) дисциплиналар жана тапшырылган зачет, экзамендер жөнүндө маалыматтар ар бир семестр боюнча өз алдынча толтурулат.

Академиялык билдирмелер атайын китепке катталат, анда:

  • регистрациялык катар номери;
  • академиялык справка алган кишинин аты-жөнү;
  • берилген дата;
  • билдирмени алгандыгын ырастоочу колтамга;
  • студенттин өздүк делосу жөнөтүлгөн дата (жөнөткөн КОЖду көрсөтүү менен) жана негиздеме.

Регистрациялык катар номер жана берилген дата академиялык билдирмеге жазылат.

VII.    Cтуденттерге академиялык өргүү берүүнүн тартиби

7.1.    Академиялык өргүү (академический отпуск) — бул жогорку жана орто кесиптик билим берүүчү мекемелерде студенттерге медициналык көрсөткүчтөрү боюнча жана башка учурларда (стихиялуу кырсык, билим алууну улантууга мүмкүнчүлүк бербеген үй-бүлөлүк жана башка кырдаалдар) берилүүчү өргүү болуп эсептелет. Анын тартиби Кыргыз Республикасынын Билим, илим жана маданият министрлигинин 2000-жылдын 14-февралындагы №70/1-буйругу менен аныкталат.

7.2.   Академиялык өргүү берүү учурунда анын узактыгы эреже катары

12  календардык айдан ашпайт.

7.3.    Студентке медициналык көрсөткүчтөрү боюнча академиялык өргүү берүү жөнүндөгү корутунду студенттик поликлиниканын медико-реабилитациялык эксперттик комиссиясы тарабынан берилет, же ал жок учурда — студенттин жашаган жериндеги мамлекеттик дарылоочу-профилактикалык саламаттыкты сактоо мекемеси тарабынан берилет. Бул учурда психикалык, венерологиялык мүнөздөгү, ошондой эле ВИЧ-инфекция оорусун жуктургандыгы жөнүндө диагноз пациенттин макулдугусуз корутундуда көрсөтүлбөйт.

7.4.    Студентке академиялык өргүү берүү жөнүндөгү чечимди окуу жайдын жетекчилиги кабыл алат.

Медициналык көрсөткүчтөрү боюнча академиялык өргүү берүүнүн негизи болуп, 2,5 жана андан көп айдан бери  өнөкөт болгон, же курч оорунун күчөшүнүн натыйжасында, убактылуу эмгек жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү эсептелинет.

Убактылуу жарамдуулук 2 айдан кемирээк мөөнөткө жоготулган учурда медициналык — реабилитациялык эксперттик комиссиянын корутундусунун негизинде сессиянын узартылышы, же курсту кайталап окуу жөнүндө суроо чечилет.

Медициналык көрсөткүчтөрү боюнча академиялык өргүү берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү эксперттик чечимди чыгаруу үчүн студент эмгекке жарамдуулугу жоготкондугун бекемдөөчү документти (справка, ооруунун тарыхынын көчүрмөсү, амбулатордук карта) студенттердин поликлиникасына көрсөтөт.

Ведомстволук аймактык дарылоо-профилактикалык мекемелердеги академиялык өргүү берүү, же курсту кайталап окуу жөнүндөгү врачтардын корутундусу студенттик поликлиникадагы медикалык-реабилитациялык эксперттик комиссиясы тарабынан күбөлөндүрүлөт.

Кургак учук менен ооруган студенттерге академиялык өргүү окуу курсуна көз карандысыз түрдө 1 жылдык мөөнөт менен берилет.

Студенттер кош бойлуулук жана төрөт боюнча  академиялык өргүү кош бойлуулуктун 30-аптасынан, ал эми кош бойлуулук кыйын татаалдашып өткөн абалда медициналык эксперттик комиссиянын чечими 18-20 — апталардан берилет.

7.5.    1-курстун студенттерине академиялык өргүү берүү маселеси медициналык-реабилитациялык эксперттик комиссиясы тарабынан студенттин эмгекке жарамдуулук жоготкондугу тастыкталгандан кийин окуу жайынын администрациясы тарабынан жекече таризде чечилет.

7.6.    Медициналык көрсөткүчтөрү боюнча академиялык өргүүдө жүргөн студенттин окуу процессине кайткандыгы жөнүндө буйрук чыгаруу үчүн негиз болуп студенттин арызы жана ден соолукту чыңдоо мекемесиндеги медициналык-реабилитациялык эксперттик комиссия тарабынан берилген корутунду (заключение) эсептелинет.

Медициналык-реабилитациялык эксперттик комиссиянын корутундусу болгон учурда студенттерди сабактарга киргизүү милдеттүү деп эсептелинет. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен окуп жаткан студент, академиялык өргүүдөн кайткандан кийин мурдагы эле шарттарда билим алуусун улантат. Директордун буйругунда студенттин окуусун улантуучу курсу, академиялык тайпасы, ошондой эле академиялык карыздарын тапшыруунун тартиби жана мөөнөттөрү көрсөтүлөт.

  • Баткен педагогикалык колледжи өзүнүн уставына ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен окуп жаткан, медициналык көрсөткүчтөрү боюнча, академиялык өргүүдө жүргөн студенттерге стипендия бөлүштүрүп берүүгө акылуу.

Келишимдик (контракт) негизде окуган студенттерге академиялык өргүү берүүнүн финансылык шарттары мурда түзүлгөн, же кошумча түзүлгөн келишимдердин шарттары менен аныкталат, берилген академиялык өргүү боюнча буйрукта көрсөтүлөт.

  • Академиялык өргүүдө жүргөн студенттерге студенттик жатаканадан орун бөлүштүрүү маселеси билим берүүчү мекеменин уставына жана «Студенттердин жатаканасы жөнүндөгү» Жобого ылайык жүргүзүлөт.
  • Республикалык бюджеттин эсебинен окуп жаткан чет элдик студенттерге академиялык өргүү берүүнүн тартиби жана шарттары өкмөт аралык жана ведомстволор аралык түзүлгөн келишимдердин шарттары менен жүргүзүлөт.

Төлөмдөрдүн (контракт) негизинде окуп жаткан чет элдик студенттерге академиялык өргүү берүү маселеси түзүлгөн келишимдин шарттары менен аныкталат.