http://batkenkolledj.com/?page_id=16
1 | Жалпы жоболор | 3 |
1.1. | 050704 — Мектепке чейинки билим берүү адистигинин НКББП иштеп чыгуу үчүн норма гивдик документтер | 3 |
1.2. | Жалпы жоболор | 3 |
1.3. | Программада кездешүүчү терминдер жана кыскартуулар | 3 |
2. | Программага жалпы мүнөздөмө | 4 |
2.1. | НКББПны пайдалануучулар | 4 |
2.2. | НКББПга жалпы мүнөздөмө | 4 |
2.3. | НКББПны өздөштүрүүнүн максаттары | 4 |
2.4. | НКББПны күтүлүүчү натыйжалары | 5 |
2.5. | НКББПнын максаттары жана күтүлүүчү натыйжаларынын дал келүү матрицалары | 5 |
2.6. | Бүтүрүүчүлөрдүн жалпы жана кесиптик компетенциялары | 6-7 |
2.7. | НКББПнын компетенцияларынын матрицасы | 8-9 |
2.8. | Окутуунун натыйжалары менен компетенциялардын дал келүүсү | 10 |
2.9. | МЧБ боюнча НКББПны өздөштүрүү мөөнөтү | 11 |
2.10. | НКББПны өздөштүрүүнүн эмгек сыйымдуулугу | 11 |
2.11. | МЧББ адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн эмгек рыногундагы керектөөлөрүнө анализ | 11 |
2.12. | Эмгек рыногу жана негизги иш берүүчүлөр менен байланыштар | 11 |
2.13. | Абитируенттерге коюлуучу талаптар | 11 |
3. | Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнө мүнөздөмө | 11 |
3.1. | Бүтүрүүчүнүн кесипти колдонуу тармагы | 11 |
3.2. | Бүтүрүүчүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн чөйрөсү | 11 |
3.3: | Бүтүрүүчүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн негизиги түрлөрү | 11-12 |
3.4. | Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн милдеттери | 12-13 |
3.5. | Бүтүрүүчүлөрдүн билимин улантуу мүмкүнчүлүктөрү | 13 |
3.6. | МЧББ адистиги, боюнча КББНПны ишке ашырууга карата жалпы талаптар. | 13-14 |
4 | НКББП боюнча окуу процессинин мазмунун жана уюштурууну жонго салуучу документтер | 15 |
4.1 | Окуу планы, жуумшчу окуу планы | 15-17 |
4.2. | Окуу процессинин календардык жадыбалы (семестровка) | 17 |
4.3. | Окуу дициплиналарынын аннотациялары | 18 |
4.4. | Практикалардын түрлөрү боюнча программалар жана алардын аннотациялары | 19-20 |
4.5. | Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациянын программасы жана анын аннотациясы | |
4.6. | Баалоо каражаттарынын фонду жана алардын методикалык материалдары |
Баткен аймактык колледжинин кесиптик орто билим берүүнүн 050704 — Мектепке чейинки билим берүү адистиги боюнча кесиптик негизги билим берүүнүн программасы (НКББП) Кыргыз Республикасынын билим берүү боюнча ченемдик-укуктук актыларына ылайык Кыргыз билим берүү академиясында иштелип чыккан “Кесиптик орто билим берүү боюнча мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын” негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү жаатында аныктаган тартиптеги башка ченемдик укуктук актыларына, Баткен аймактык колледжинин өндүрүштүк, педагогикалык практикаларын өткөрүү боюнча жоболоруна
(БАК, 2016), Баткен аймактык колледжинде мамлекеттик аттестацияны уюштуруу жөнүндө жобого (БАК, 2016) ылайык иштелип
чыкты.
1.1. НКББПны иштеп чыгууда төмөндөгү нормативдик документтер жетектөөгө алынды.
- Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү”
мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки тарбия жана балдарды
кароо боюнча” Мамлекеттик стандарты;
- Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү боюнча мектепке
чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандарты.
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлигинин
нормативдик-методикалык документтери.
- БАКнун Уставы.
Мектепке чейинки билим берүү боюнча НКББП колледждин методикалык кеңешинин өткөрүлгөн жыйындарында талкууланып, каралган.
НКББП окутуунун максатын, күтүлүүчү натыйжаларын, мазмунун, билим берүү процессии ишке ашыруунун шарттарын жана технологияларын, көрсөтүлгөн багыт боюнча бүгүрүүчүнү даярдоонун сапатын баалоону жөнгө салат.
- жалпы жоболорун
- максаттарын;
- окутуудан күтүлүүчү натыйжаларды;
- окуу планын;
- жумушчу окуу планын;
- программанын компетенциялар картасын;
- окуу планындагы дисциплиналардын программасынын аннотациясын;
- практикалардын программасынын аннотациясын;
- мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга карата талаптар.
1.3. Программада кездешүүчу терминдер жана кыскартуулар
МБС — | Мамлекеттик билим берүү стандарт; |
МЧБ — | Мектепке чейинки билим берүү; |
ОКББ — | Орто кесиптик билим берүү; |
НКББП — | Негизги кесиптик билим берүү программасы; |
ОМК — | Окуу методикалык комплекс; |
ЖК — | Жалпы компетенциялар; |
КК — | Кесиптик компетенциялар; |
ДК -. | Кошумча компетенциялар |
М — | Максаттары; |
ОН — | Окутуунун натыйжалары; |
Кафедралардын аталыштары: | |
ОКББТМ — | орто кесиптик билим берүүнүн теориясы жана методикасы; |
ОКББ ПП — | орто кесиптик билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы; |
ОКББ КС — | орто кесиптик билим берүүнүн коомдук илимдер жана социалдык иштер; |
ТАОТМ — | тилдерди жана адабиятты окутуунун теориясы жана методикасы; |
2.1. ОКББ НКББПны пайдалануучулар:
- Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларын Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын учурдагы суроо- талаптарына ылайык даярдоону жүргүзүп жаткан орто кесиптик билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана кызматкерлери;
- Тийиштүү кесиптик иш чөйрөсүндөгү адистердин жана иш берүүчүлөрдүн бирикмелери;
- Бүтүрүүчүлөрдүн даярдык сапатын баалоону жүргүзүүчү мамлекеттик аттестациялык коммиссиялар;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органынын тапшыруусу боюнча негизги билим берүү программаларын иштеп чыгууну камсыз кылуучу окуу-усулдук бирикмелер жана кеңештер.
Адистикти өздөштүрүү формасы:
күндүзгү.
Адистикти өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү:
- жалпы орто билим берүү базасында — 1 жыл 10 ай;
- негизги билим берүүнүн базасында — 2 жыл 10 ай.
- максат. Мамлекеттик жана расмий тилдерде эркин сүйлөгөн; эмгек рыногунда атаандаштыкка туруштук бере алган; мектепке чейинки билим берүү системасы боюнча укуктук — нормативдик чен-өлчөмдөрдү билген, кесиптештер жана социалдык өнөктөштөр менен кызматташууга жөндөмдүү компетенттүү адистерди даярдоо.
- максат. Мектепке чейинки курактагы балдардын ишмердүүлүктөрүн инсанга багытталган окутуу системасынын талаптарына ылайык пландаштыруу менен уфштура алган, илимий-изилдөө жана практикалык билимдерге ээ болгон, окутуунун заманбап технологияларын колдоно алган компетенттүү тарбиячыларды даярдоо.
3-максат. Мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү, окутуу жана тарбиялоонун программаларына ылайык коопсуз өнүктүрүү чөйрөлөрүн максаттуу уюштура билген, балдардын өнүгүү областтарын аныктай алган жана алардын жетишкендиктерин баалоо менен мониторинг жүргүзүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоо.
2.4. НКББПнын күтүлүүчү нагыйжалары.
№ | Күтүлүүчү натыйжалар | Компетен
-циялар |
|
М-1 | Болочок кесибинин социалдык маанисин түшүнөт, | ЖК-1. | |
ОН-1 | мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн оюн оозеки | ЖК-2. | |
жана жазуу түрүндө аргументтүү ачык-айкын билдирет; | ЖК-3. | ||
сын пикирлерди туура түшүнүү менен ар кандай конфликттик кырдаалдарда чечим кабыл алуу жөндөмүнө ээ болот. | ЖК-15 | ||
М-1 | Педагогикалык этиканы кармануу менен педагогикалык | ЖК-8 | |
ОН-2 | процесске катышкан бардык кызматкерлер, ата-энелер | ЖК-9; | |
жана коомчулук менен бирдикте баланын мазмундуу | КК-9; | ||
жашоосу үчүн группанын иштерин уюштурууну, | ЖК-13; | ||
пландаштырууну жана башкарууыу билет. | КК-10 | ||
М-1 | Бала бакчадагы (группадагы) педагогикалык | КК-1 | |
ОН-3 | процестерди уюштурууну жана башкарууну билим берүү жөнүндөгү укуктук-нормативдик документтердин негизинде жүргүзө алат; мыйзам чегинде сындоого | КК-6 | |
жана сындалууга жөндөмдүү
|
|
||
|
|||
М-2
ОН-4 |
Мектепке чейинки билим берүү боюнча кесиптик маселелерди өз алдынча аныктап, чече алат; окутуунун жаңы педагогикалык жана маалыматтык технологияларын колдонууу менен методикалык материалдарды иштеп чыгууга жөндөмдүү. | ЖК-4
ЖК-7 ЖК-12 КК-14 |
|
М-2
ОН-5 |
Мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү процессинин максатын, принциптерин, формаларын, методдорун жана каражаттарын талдоо менен балдардын ишмердүүлүктөрүн уюшура алат, иштин натыйжалуулугун жана сапатын баалоо менен чечим кабыл ала алат. | ЖК-10
КК-3 КК-11 |
|
М-2
ОН-6 |
Мектепке чейинки курактагы балдардын окуу, оюн ж.б. ишмердүүлүктөрүн уюштурууда алардын курактык жана жеке психологиялык өзгөчөлүктөрүнө байкоо жүргүзүү менен анализдөөнү жана алынган маалыматтарды зеке алууну өздөштүрөт. | КК-4
КК-8 КК-15 ДК-1 |
|
М-3
ОН-7 |
Мектепке чейинки курактагы балдарды окутууда балдардын өмүрүн коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча инструктивдик иш кагаздарын колдоно билет; балдар менен иш алып барууда алардын анатомиялык- физиологиялык өзгөчөлүктөрүн зеке алат; санитардык- гигиеналык эрежелерди аткара билет. | ЖК-14
КК-2 КК-5 |
|
М-3
ОН-8 |
Педагогикалык процессти максаттуу пландаштырууну жана уюштурууну билет; иштин натыйжалуулугун баалоо менен түрдүү кырдаалдарда чечим кабыл алат; балдардын өнүгүү областтары боюнча мониторинг жүргүзүү аркылуу иш чараларды иштеп чыгууга жана аткарууга жөндөмдүү; | ЖК-5
ЖК-6 КК-7 ДК-2 |
|
М-3
ОН-9 |
Мектепке чейинки курактагы балдар менен иштөөдө группада предметтик өнүктүрүүчү чөйрөнү түзө алат; дайыма өз билимин өркүндөтүүгө аркылуу түрдүү методикалык материалдарды иштеп чыгууга жөндөмдүү; | ЖК-11
КК-12 КК-14 |
2.5. НКББПнын максаттары жана күтүлүүчү натыйжаларынын дал келүү матрицалары
Күтүлүүчү
натыйжалар |
М-1. | М-2. | М-З. | М-4. | |
ОН-1 | + | + | |||
ОН-2 | + | + | |||
ОН-3 | + | + | |||
ОН-4 | + | + | |||
ОН-5 | + | ||||
ОН-6 | + | + | |||
ОН-7 |
2.6. Бүтүрүүчүлөрдүн жалпы жана кесиптик компетенциялары.
2.6.1.МЧББ боюнча НКББПны өздөштүргөн бүтүрүүчү төмөнкүдөй жалпы компетенцияларга (ЖК) ээ болууга тийиш:
- Мамлекеттик тилдеги жазуу жана оозеки коммуникация (ЖК-1);
- Расмий жана чет тилдерди билүү (ЖК-2);
- Болонок кесибинин социалдык маанисин түшүнүү (ЖК-3);
- Кесиптик маселелерди аныктоо жана чечүү (ЖК-4);
- Иштин натыйжалуулугун жана сапатын баалоо, адаттан тыш кырдаалдардачечим кабыл алуу (ЖК-5);
- Анализдөөгө жана синтездөөгө жөндөмдүүлүк (ЖК-6);
- Компьютерде иштөө билгичтиги (ЖК-7);
- Командада иштөө, кесиптештери менен жана социалдык өнөктөштөр менен карым-катышта болуу, конфликттик кырдаалдарды жеңилдетүү (ЖК-8);
- Инсан аралык мамилелердин көндүмдөрү (ЖК-9);
- Максат коюу, окуучулардын ишмердигин мотивдештирүү,
окуучулардын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө, окутуунун сапаты үчүн жоопкерчиликти өзүнө алуу (ЖК-10);
- Тынымсыз үйрөнүүгө даярдык (кесиптик жана инсандык өнүгүү) (ЖК-11);
- Окутуунун жаңы методдорун жана технологияларын колдонуу билгичтиги (ЖК-12);
- Педагогикалык этиканы кармануу билгичтиги (ЖК-13);
- Балдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоону камсыз кылуу билгичтиги (ЖК-14);
- Сындоого жана сындалууга жөндөмдүүлүк (ЖК-15).
2.6.2. МЧББ боюнча НКББПны өздөштүргөн бүтүрүүчү төмөнкүдөй кесиптик компетенцияларга (КК) ээ болууга тийиш:
- Балдардын укуктары жана чоң адамдардын балдарга карата милдеттери жөнүндө негизги документтерди билүү (Балдардын укуктары жөнүндө Конвенция; Адамдын укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө Эл аралык конвенция; Кыргыз Республикасынын Конституциясы; «Билим берүү жөнүндө» мыйзам) (КК-1).
- Кыргыз Республикасынын билим берүү мамлекеттик стандартын,
«Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» стандарты жана башка баланын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, анын өмүрүн коопсуздугун камсыз кылуу ыкмалары маселелери боюнча инструктивдик документтерди билүү (КК-2).
- Мектепке чейинки курактагы балдарды окутуунун жана
тарбиялоонун максаттарын, милдеттерин, мазмунун, принциптерин, формаларын, методдорун жана каражаттарын, балдардын ишмердигинин ар кыл түрлөрүн өнүктүрүү методикаларын билүү; балдарды педагог ишмердиктин кайсы түрлөрүнө үйрөтсө, ошол түрлөрбоюнча билгичтиктерге ээ болуу (КК-3).
- Адам психо логиясынын негиздерин жана мектепке чейинки курактагы балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн билүү (КК-4).
- Мектепке чейинки баланын анатомиясынын, физиологиясынын өзгөчөлүктөрүн жана санитардык-гигиеналык шарттарды камсыз кылуу боюнча талаптарды билүү (КК-5).
- Мектепке чейинки мекемени уюштуруунун жана аны башкаруунун негиздерин билүү (КК-6). ,
- Мектепке чейинки балдардын өнүгүүсүнүн жетишилген деңгээлин, тарбиясын жана окутулгандыгын анализдөөнүн жана баалоонун негизинде бүтүндүктүү педагогикадык процессти долбоорлоо, пландаштыруу жана ишке ашыруу билгичтиги (КК-7).
- Балдардын мазмундуу жашоосун уюштуруу; алардын ишмердигинин негизги түрлөрүн башкаруу, бала менен мамиле түзүү; байкоолордун негизинде баланын инсандыгын иликтөө, анын кыйынчылыктарын табуу жана комок көрсөтүү билгичтиги (КК-8).
- Ата-энелер менен педагогикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү билгичтиги (КК-9).
- Мектепке чейинки мекеменин тарбиялык-билим берү$гүк процесске катышкан башка кызматкерлери (музыкалык жетекчи, дефектолог, психолог, медициналык кызматкер) менен карым-катыш түзүү билгичтиги (КК-10).
2.6.3. Билим берүү процессинин мегодикалык жабдылышы:
- Окуу-методикалык документация менен иштоо (КК-11);
- Кабинетте предметтик-өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүү (КК-12);
- Жаңы окутуу технологияларын колдонуу (КК-13);
- Методикалык материалдарды иштеп чыгуу (КК-14);
- Изилдөөчүлүк ишмердикке жөндөмдүүлүк (КК-15).
2.6.4. Окуу жай тарабынан сунушталган кошумча компетенциялар
ДК -1. Психодиагностикалык иштерди алып баруу көндүмдөрү;
ДК -2. Өзгөчө муктаждыгы бар балдар менен иштоо жөндөмү;